05.09.2016, 15:50

Кырчын жайлоосунда Салбуурун улуттук оюну боюнча мелдештер өтүп жатат

Кырчын жайлоосунда Салбуурун улуттук оюну боюнча мелдештер өтүп жатат

Бишкек, 5-сентябрь /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Салбуурун улуттук оюну боюнча мелдештер өтүп жатат. Бул тууралуу ДКО катчылы билдирди.

Салбуурун оюну төмөнкү түрлөрү боюнча өтүүдө:
«Бүркүт салуу»
«Далба ойнотуу»
«Тайган жарыш»

“Бүркүт салуу“ таймашына Кыргызстан, Казахстан, Монголия, Италия, Грузия жана Өзбекистандан 14 өкүл катышууда.

«Далба ойнотуу» таймашына Кыргызстан, Италия, Орусия, Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Монголиядан 8 өкүл катышып жатат.
Эскерте кетсек, Салбуурун – кыргыз элинин алгыр куш, чыгаан тайгандар катышкан аңчылык оюну.