Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/09 13:27
 

Роман Ботвинник: "Тогуз коргоол оюнун ушул жайда үйрөнүп, көчмөндөр оюнуна Израильдин атынан катышып жатам"

 Роман Ботвинник: "Тогуз коргоол оюнун ушул жайда үйрөнүп, көчмөндөр оюнуна Израильдин атынан катышып жатам"

Булан-Сөгөттү, 5-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Тогуз коргоол оюну 3-сентябрда башталган. Ага 22 өлкөнүн спортчулары катышууда.
Оюндардын тыныгуу учурларында чет өлкөдөн келген катышуучуларды кепке тарттык. Роман Ботвинник Израиль мамлекетинин атынан катышып, өз өлкөсүнүн намысын коргоодо.

Айтымында, Тогуз коргоол оюну ага кызыгууну жараткан.
"Мен Кыргызстандын Тогуз коргоол боюнча курама командасынын машыктыруучулары менен Чехияда ушул жылдын июль айында шахматтык турнирде таанышкам. Ошол учурда алар менен баарлашып жатып, Тогуз коргоолду алгач кыргыз машыктыруучулардан үйрөндүм. Кийинчерээк өз өлкөмдө жүргөндө атайын китептерин сатып алып такшалдым", - дейт Роман Ботвинник.

Оюнчу мелдештен сырткары кыргыздын жашоо-турмушун, көргөн жерлерин суктануу менен айтып берди.

"Мен Кыргызстанга келгенде өзүмдү убакыттын унаасында жүргөндөй сездим. Анткени, мамлекетте СССРден калган жагдайлар бар экен. Көргөн жерлеримде мурдагы архитектуралар сакталган, ошол эле учурда Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан заманбап курулуштан кабар берет. Бул дагы жакшы жетишкендик деп эсептейм", - деп өз ойлору менен бөлүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу