05.09.2016, 12:28

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Тогуз-Коргоол оюну боюнча азырынча Кыргызстан менен Казакстан алдыда келүүдө

 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Тогуз-Коргоол оюну боюнча азырынча Кыргызстан менен Казакстан алдыда келүүдө

Булан-Сөгөттү, 5-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Аврора пансионатында Тогуз-Коргоол оюну боюнча мелдеш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аталган оюндун калысы Бектур Тыныбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары алдыда келүүдө.

"Бул жылы Тогуз-Коргоолго 22 өлкө катышып жатат. 3-сентябрда башталган. Негизинен Дүйнөлүк чемпионаттарда катышып жүргөн спортчулар келди. Андан сырткары, оюнга кызыгып жаңыдан ойноп баштагандар дагы бар. Азыр жеке эсеп боюнча өтүп жатат. Анын жыйынтыгы бүгүн кечки саат 8де чыгат. Эртеңден баштап жааттык эсеп боюнча оюндар башталат. Ал 8-сентябрда жыйынтыкталат", - деди калыстардын өкүлү.

Белгилей кетсек, Тогуз коргоол боюнча Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Колумбия, Корея, Монголия, Алтай, Хакасия, Россия, Якутия, Турция, АКШ, Түркмөнстан, Өзбекстан, Чехия, Венгрия, Израиль, Пакистан, Польша, Антигуа сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.