05.09.2016, 10:18

Кыргыз журналисти 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча өлкө кызыкчылыгын коргойт

Кыргыз журналисти 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча өлкө кызыкчылыгын коргойт

Кырчын, 5-сентябрь /Кабар/. Кыргыз журналисти, Салбуурун федерациясынын мүчөсү,«Асман» гезитинин кабарчысы Жаз-Айым Айдекова бүгүн 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жаа атуу боюнча өлкө кызыкчылыгын коргойт.

“Спорттун бул түрү дүйнөдө кеңири жайылып бара жатат. Кыргызстан Орто Азияда биринчилерден болуп жаа атууну спорттун түрү катары каттаганын белгилеп кетүү керек. Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө жаа атуу спорттун түрү катары эсептелбейт”,-деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстандын атынан 8 жаачы катышат.
“Алардын 3 кыздар. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 60тан ашык өлкөдөн спорттук делегациялар келди. Анын ичинен 15и жаа атуу боюнча мелдешке катышат. Биздин жаачылар мыкты даярданышты. Жеңебиз деп ишенебиз”,-деди. Ж. Айдекова.