Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/09 12:29
 

Кыргызстандык спортчулар Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Рио-де-Жанейрого учуп кетишти

Бишкек, 2-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Паралимпиадачылары кечээ түнү Рио-де-Жанейро шаарына (Бразилия) XV жайкы Паралимпиадалык оюндарына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан 3 спортсмен чыгат: пауэрлифтер боюнча - Эсен Калиев, жеңил отлетика боюнча Арстанбек Базаркулов жана Жыргалбек Оросбаев. «Булардан сырткары делегациянын курамында Улуттук паралимпиодалык комитеттин президенти Бакыт Исаков, КРнын пауэрлифтинг боюнча курама команданын машыктыруучусу Аднан Джабраилов жана делегациянын башчысы Марат Аскарбеков”,-деп билдирет басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, XV жайкы Паралимпиадалык оюндары 2016-жылдын 7-18-сентябрь күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Анда 22 спорттун түрү боюнча 528 комлпект ойнотулат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу