Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/09 18:19
 

Жалал-Абадда дүйнө чемпиону машыккан мектептин жетекчилиги шаар бийликтерине ыраазычылык билдирди

Жалал-Абадда дүйнө чемпиону машыккан мектептин жетекчилиги шаар бийликтерине ыраазычылык билдирди

Бишкек, 1-сентябрь /Кабар/. Франциянын Макон шаарында өтүп жаткан грак-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы чепионатта дүйнө чемпиондугун жеңип алган Калыбек Сулайманов машыккан Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы жаш өспүрүмдөрдүн жана балдардын адистештирилген олимпиадалык резерв спорт мектебинин жетекчиси Чыңгыз Пиримкулов чемпионго колдоо көрсөткөн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтерине ыраазылык билдирди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ч.Пиримкуловдун айтымында, аталган мектептин тарбиялануучусу, жаштар арасында дүйнөнүн чемпиондук титулун жеңип алган К.Сулаймановдун ийгилигине колдоо көрсөткөндөр арбын. Алардын сап башында Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери турат.

“Биз, мектептин жамааты ушул зор ийгиликке колдоо көрсөтүп, буга чейин да дайыма камкордук жасап келишкен шаар мэриясына, депутаттардын шаардык кеңешине зор ыраазылыгыбызды билдиребиз. Ушундай колдоонун натыйжасында биздин жаш спортчуларыбыз көптөгөн республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп келатышат. Андан тышкары, грек-рим күрөшү боюнча облустук федерациянын президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максатбек Эгембердиев, федерациянын башка да мүчөлөрү, Жалал-Абад облусунун жаштар иштери, дене-тарбия, спорт башкармалыгынын башчысы Абдыпара Капаров чемпионубузга үлкөн колдоо көрсөтүшкөн. Биз баарына ыраазыбыз. Биздин тарбиялануучубуз 31-август күнү чемпиондукту жеңип алып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына чоң белек жасады”, - дейт ал.

Азыркы кезде Жалал-Абад шаарынын бийликтери, спорттук жамааты, коочмулугу дүйнө чемпионун тосуп алууга даярдыктарды көрө башташты.

Эскерте кетсек, К.Сулайманов аталган мектепте 8 жылдан бери машыгып келатат. Аны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Алтынбек Салаев тарбиялап, жеңиштерге жеткирген. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу