30.08.2016, 22:11

Кыргызстан футбол командасы Казакстандын курама командасын 2:0 эсебинде утту

Кыргызстан футбол командасы Казакстандын курама командасын 2:0 эсебинде утту

Бишкек, 30-август /Кабар/. Кыргызстандын футбол курама командасы жолдоштук беттеште Казакстандын футбол курама командасын 2:0 эсебинде утуп, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата кыргыз элине чоң белек тартуулашты. Оюн Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. 

Биринчи голду оюндун 44-мүнөтүндө Кыргызстан курамасынын капитаны Валерий Кичин, ал эми экинчи голду оюндун 73-мүнөтүндө Мирлан Мурзаев узак аралыктан сокку уруп, гол киргизе алды.