30.08.2016, 14:54

Кыргыз паралимпиадачылары Риодогу оюндарга жөнөшөт

Бишкек, 30-август /Кабар/. Кыргыз паралимпиадачылары Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы XV Паралимпиада оюндарына жөнөшөт. Бул тууралуу КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан 3 спортчу – пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Оросбаев жана жеңил атлет Арстанбек Базаркуловдор катышат.

Эскерте кетсек, XV жайкы Паралимпиада оюндары 7-18-сентябрь аралыгында Рио-де-Жанейродо өтөт. Спорттун 22 түрү боюнча 528 комплект ойнотулат. Оюндар жайкы Олимпиада – 2016 оюндары үчүн колдонулган аянттарда өтөт.