29.08.2016, 12:24

2017-жылы Кыргызстанда снукер боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда

2017-жылы Кыргызстанда снукер боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда

Бишкек, 29-август /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда снукер боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Снукер боюнча кыргыз федерациясынын башкы катчысы Шаирбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
“IBSFтин вице-президенти Максим Касистин келиши күтүлүүдө. КРга келген комиссия залды, аренаны текшерип, республика менен таанышышы керек. Мындай иш-чаранын өлкөбүздө өткөрүлүшү спортчубуз Керимберди уулу Мухамеддин мыкты көрсөткүчүнөн улам күтүлүүдө. Кыргызстан чемпионатка 1-мертебе катышып, биздин оюнчу дүйнөлүк мыкты 32 спортчунун катарына кошулду”,-деди ал.

Ошондой эле, Шаирбек Маматокторов быйыл Кыргызстан Снукер Эл аралык ассоциациясынын жана Бильярддын азиат ассоциациясынын толук укуктуу мүчөсү болгондугун белгиледи.

“Мындай сертификаттарды биз Бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышкандан кийин алдык”,-деп кошумчалады Ш.Маматокторов.