Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/08 10:16
 

Олимпиада-2016: Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбековалар 1 млн сомдон алышат

 Олимпиада-2016: Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбековалар 1 млн сомдон алышат

Бишкек, 29-август /Кабар/. Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиаданын катышуучуларына берилүүчү сыйлыктар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Олимпиада оюндарында 5-орун үчүн КРнын Өкмөтү тарабынан бир жолку акчалай сыйлыктар каралган. Балбандар Арсен Эралиев жана Айсулуу Тыныбековалар 1 млн сомдон, ал эми башкы жана жеке машыктыруучулары ар бири 250 миң сомдон алышат.
7-орунга ээ болгон Юрий Краковецкий 800 миң сом, ал эми башкы жана жеке машыктыруучуларына ар бирине – 200 миң сомдон берилет.

Ошол эле убакта, КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Ю.Краковецкий, А.Эралиев жана А.Тыныбековалар жеке планын аткаруу шарты менен 2 жыл аралыгында 25 миң сом көлөмүндө биринчи категориядагы стипендия, башка спортчулар канчанчы орун алганына жараша ай сайын 15 миң сомдон жана 8 миң сомдон алышат.

Булак: Sport.kg

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу