Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/08 12:31
 

Олимпиадада спортчулардын утушуна алардын психологиялык абалы жолтоо болду – Канат Аманкулов

 Олимпиадада спортчулардын утушуна алардын психологиялык абалы жолтоо болду – Канат Аманкулов

Бишкек, 26-август /Кабар/. “Биздин спортчуларыбыз Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бардык зарылчылыктар менен камсыз болушкан, бирок спортчуларыбыздын утушуна алардын психологиялык абалы жолтоо болду”,-дейт КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында.

Анын айтымында, физикалык жактан спортчулар толугу менен даяр болушчу. “Биз спортчулардын психологиялык абалына жетиштүү көңүл бурган эмес окшойбуз. Мен спортчуларыбыздын медаль ута албай калышына ушул себеп болду деп ойлойм”,-деди ал.

Ошондой эле, Мамагенттиктин башчысы 2020-жылга чейин спортту өнүктүрүү концепциясы иштелип жатат деп белгиледи. Ошол концепцияда спорттун бардык түрүн өнүктүрүү жазылган. “Спортту массалык жана аймактык өнүктүрүүсүз бизде эч качан жакшы спортчулар болбойт. Ушул максатта спортчулардын өзүнүн базасы болуусу жана машыгуу үчүн бардык шарттарды түзүү үчүн өлкө боюнча спорттук комплекстер курулуп жатат”,-деди ал.

Мындан тышкары, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, К.Аманкулов Кыргызстанда чоң спорттук комплекстерди куруунун зарылдыгы жок деп белгиледи. “Анткени аларды кармап туруу өтө кыйын жана ал өзүн-өзү актай албайт. Бир нече өтө чоң эмес базалар болсо ошол жетиштүү болот”,-деди К.Аманкулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу