Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/08 11:01
 

Канат Аманкулов: «Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча машыктыруучуларды жумуштан алууга чейин катуу чаралар кабыл алынат»

 Канат Аманкулов: «Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча машыктыруучуларды жумуштан алууга чейин катуу чаралар кабыл алынат»

Бишкек, 26-август /Кабар/. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын жыйынтыгы боюнча машыктыруучулар жана федерациянын башчыларын жумуштан алууга чейин катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, дирекция, федерация башчылары жана машыктыруучулар менен 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин коллегия болот. “Коллегияда биз Олимпиаданын жыйынтыгын, машыктыруучулардын аларга жүктөлгөн милдеттердин барын аткарбагыны талкууланат. Ошол жыйналышта биз катуу чараларды кабыл алып, керек болсо жумуштан алууга чейин барабыз”,-деди К.Аманкулов.

“Биз спортчуларды мелдештерге даярдоо жана кийинки Олимпиада оюндарында биздин спортчуларды жеңишке жеткирүүчү жаңы машыктыруучуларды чакыруу боюнча иштерди улантышыбыз керек. Биз Олимпиада оюндарына катышуу үчүн мынча жолдомо эмес, Олимпиададан мынча медаль утабыз деп максат коюшубуз абзел”,-деди ал.

Ошондой эле, Мамагенттиктин башчысы Риодогу Олимпиада оюндарында 5тен ашык медаль алабыз деген ойдо элек деп белгиледи.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу