26.08.2016, 10:19

Сентябрда Кыргызстанда триатлон боюнча мелдеш өтөт

 Сентябрда Кыргызстанда триатлон боюнча мелдеш өтөт

Бишкек, 26-август /Кабар/. 11-сентябрда Чүй облусунда триатлон боюнча 2-мелдеш өтөт. Бул тууралуу КРнын триатлон федерациясы билдирди.
Триатлон – бул спорттун бир түрү, ал бир мезгилде спорттун 3 түрүн камтыйт: сүзүү, велосипед жана чуркоо. Спорттун бул түрүнүн уникалдуулугу – спортчу белгиленген убакытта спорттун бул 3 түрүн бирдей алып кетиши керек. Олимпиадалык спорттун түрүнө кирет.

Мелдеш жеке жана эстафеталык эсеп боюнча “Спринт” аралыгында өтөт.
“Спринт” аралыгы 0,75 км сүзүү, андан кийин 20 км велосипед тебүү жана жыйынтыгында 5 км чуркоону өзүнө камтыйт.
Катышуучулар төмөнкү курактык категорияларда мелдешет: эркектер – “16-29”, “30-39”, “40-49”, аялдар – “16-29”, “30+”. Ошондой эле, комнадалык эстафетада байгелер ойнотулат. Команда 3 адамдан турушу керек.

Уюштуруучулар мелдештин бардык этаптарында коопсуздукту камсыздашат, ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрүн демөөрчүлөрдүн байгелери күтөт.