Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/08 18:29
 

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун чечүүчү беттеши КМШ саммитине байланыштуу 18-сентябрга жылдырылды

Бишкек, 25-август /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун 25-чечүүчү беттеши бир күнгө артка жылдырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, КРнын футбол федерациясы Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) саммитин өткөрүүгө байланыштуу 17-сентябрдан 18-сентябрга жылдырылды.

“Бул сезондо Кубоктун финалына Оштун “Алай” командасы менен Бишкектин “Дордой” командасы чыккан. Финалдык беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюн саат 18:00 до башталат”,-деди Н.Угрюмова.

Эскерте кетсек, өткөн жылкы Кыргызстан кубогунун ээси Канттын “Абдыш-Ата” командасы болуп эсептелет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу