25.08.2016, 14:41

Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген түркмөн делегациясы Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

 Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келген түркмөн делегациясы Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

Бишкек, 25-август /Кабар/. 24-августта 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Түркмөнстандан 1-делегация Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык “Манас” аэропортунда Түркмөнстандан келген 1-делегация менен жолугушуу болду. Аларды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттиктин директорунун орун басары Руслан Жуманазаров жана ДКОнун ыктыярчылары тосуп алышты.

“Түркмөнстандык коноктор менен бирге оюндун ачылышында жана Кырчын жайлоосунда оор номерлерди аткаруу үчүн түркмөн породалуу күлүктөр дагы алынып келинди. Түркмөн делегациясын белгилүү “Галкыныш” жана "Түркмөн жигиттери” каскадерлер тобунун мүчөлөрү көрсөтөт”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Каскадерлер ДКОнун ачылышында ат үстүндөгү татаал гимнастикалык жана акробатикалык ыкмаларды көрсөтүшөт.
“Биз Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз. Кыргыз элине биздин көрсөткөн номерлерибиз жагат деп ишенебиз жана ДКОго катышып жатканыбызга кубанычтабыз”,-деди “Галкыныш” тобунун жетекчиси Пиги Байрамдурдыев.

Түркмөнстандын делегациясы 17 адамдан турат. Делегация аттарды ыңгайлаштыруу, андан ары оюндарга даярдануу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунда өтөт. Ага дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн миңге чукул спортчунун катышуусу күтүлүүдө.