Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 16:13
 

Грузиядагы эл аралык турнирде Кыргызстандын гимнастчылары байгелүү орундарды ээлешти

Бишкек, 24-август /Кабар/. Батуми шаарында (Грузия) 13-14-августта көркөм гимнасттика боюнча "Batumi Cup" эл аралык турнири болуп, анда Кыргызстандын гимнастчылары байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Көркөм гимнастика федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Грузиянын, Армения, Россия, Германия, Өзбекстан жана Египеттин гимнастчылары катышты.

“Кыргызстандан “Дордой” клубунан ар курактагы 9 гимнастчы жана машыктыруучу Наталья Рентель менен Татьяна Романова барышты. Бардык 9 катышуучу тең жаш курактары боюнча ар түрдүү категорияларда байгелүү орундарды ээлешти”,-деп айтышты федерациядан.

Алар:
Полина Кононова - 2-орун;
Марем Исаева – 3-орун;
Арина Газиева - 1 -орун;
Камиля Абдулова – 2-орун;
Эрвина Байрамова – 1-орун;
Айсулуу Дүйшөмбиева – 2-орун;
Элина Газиева – 2-орун;
Бермет Калыбекова - 3-орун;
Сабина Кочергина – 2-орун.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу