Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 12:21
 

Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Бишкек, 24-август /Кабар/. Ош шаарында 27-август күнү “Тарых жана маданият” жылына жана КРнын Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сууда сүзүү мелдеши эркектер жана аялдар арасында, 3 топко бөлүнөт. 20-30 жашка чейин, 31-40 жашка чейин жана 41 жаштан жогорку жаштагылар арасында өткөрүлөт. Спорттун ар бир түрүнөн жеңүүчүлөр жеке аныкталат.

Мелдештин программасы:
1. Эркин сууда сүзүү, 50 метр.
2. Эстафета 25 метр, ар бир командадан 4 (төрт) адам катышат. Командалар Ош шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары жана ММК өкүлдөрү.
“Мелдештин негизги максаты, дене тарбия жана спортту калк арасында пропагандалоо, майрамдык маанайын спорт оюндары аркылуу көтөрүү. Ошондой эле, мэриянын, шаардык кеңешти жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин спорт менен машыгууга үндөө.Таймашта алдыңкы орундарды камсыз ээлеген катышуучулар жана командалар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат”,-деди шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев.

Уюштуруучу: Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети.
Өтүүчү жай: 27-август күнү, “Футбол жана сууда сүзүү” (Делфин) спорт мектебинде өткөрүлөт.

Мелдештин расмий ачылышы 27-августта саат 12:00дө башталат.
Табыштамалар, (заявки) 26-августка чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат. Байланыш телефондор 2-50-34, 2-76-91.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу