22.08.2016, 13:41

Улан Молдодосов: “Азырынча CAS тан биздин аппеляциябызды кабыл албагандыгы тууралуу кат ала элекпиз”

 Улан Молдодосов: “Азырынча CAS тан биздин аппеляциябызды кабыл албагандыгы тууралуу кат ала элекпиз”

Бишкек, 22-август /Кабар/. Оор атлетика федерациясы Спорттук арбитраждык соттун (CAS) кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковду Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынан уткан коло медалынан ажыратуу тууралуу чечимине каршы арызды кабыл албагандыгы тууралуу кат алган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, учурда юристтер бул иштин үстүндө иштеп жатат. “Биз медалды жөн эле берип койбойбуз”,-деди У.Молдодосов.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖМКларда CAS Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында оот атлетчи Иззат Артыковдун козуткуч колдонгондугу тууралуу чечимине каршы аппеляциялык арызын карабагандыгы тууралуу маалымат тараган.

И.Артыков 18-августта анын допинг-тестинен таюу салынган стрихнин каражаты табылгандан кийин мелдештен четтетилген. Жыйынтыгында спортчу Рио-де-Жанейродогу оюндарда 69 кг чейинки салмакта оор атлетика боюнча беттеште уткан коло медалынан ажыраган. Кийинки күнү Кыргызстан улуттук олимпиада комитети CASтын спортчуну мелдештен четтетүү тууралуу чечиминин үстүнөн арызданган.