Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/08 11:21
 

Айаал Лазерев: “Чечүүчү беттеште мүмкүнчүлүгүмдүн 10%ын дагы көрсөтө алган жокмун”

 Айаал Лазерев: “Чечүүчү беттеште мүмкүнчүлүгүмдүн 10%ын дагы көрсөтө алган жокмун”

Бишкек, 22-август /Кабар/. Ийгиликсиз күрөшкөнүм үчүн мани колдоп, мага ишеним арткандардан кечирим сурайм. Бул тууралуу балбал Айаал Лазерев Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Айаал Лазерев 125 кг чейинки салмактык категорияда биринчи эле беттеште польшалык балбан Роберт Баранга жеңилип калган.
“Мен бардык сындарга татыктуумун. Ал эми ушундай кырдаалга карабастан мени колдогон адамдарга чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем”,-деди балбан.

Ошондой эле, А.Лазерев бул беттешти өмүр бою кылданып келгенин кошумчалаган. “Мен бул оюндарга кыйынчылыктар жана канчалаган жаракаттар аркылуу жеткенмин. Жыйынтыгында эң эле чечүүчү учурда өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдүн 10%ын дагы көрсөтө алган жокмун. Күрөшкө жаңы келгендердей күрөштүм. Азыр билбей турам, кайсыл жерден катачылык кетиргенимди, бирок катачылыктар көп. Барына өзүм күнөөлүүмүн. Мен эми ушуну менен жашайм. Жакындарымдын, машыктыруучуларымдын, элимдин ишеничин актай алган жокмун”,-деп жазды А Лазерев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу