22.08.2016, 10:36

Спорттук арбитраждык сот И.Артыковду козуткуч колдонгондугу үчүн мелдештен четтетип койгон чечимине Кыргызстандын доо арызын четке какты

Бишкек, 22-августа /Кабар/. Эл аралык Спорттук арбитраждык сот Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарда КР штангачысы Иззат Артыковду козуткуч колдонгондугу үчүн мелдештен четтетип койгон чечимине Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин доо арызын четке какты. Бул тууралуу Эл аралык Спорттук арбитраждык соттун басма сөз кызматы билдирди.

И.Артыков тыюу салынган стрихнин дарысын колдонгон деген жүйөө менен 18-августта мелдештен четтетилген. Натыйжада штангачы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарда 69 кг салмактык категорияда жеңип алган коло медалынан айрылган. Кыргызстандын Улуттук Олимпаида комитети эртеси күнү Эл аралык Спорттук арбитраждык сотко доо арызы менен кайрылган.

И.Артыков мелдештен четтетилген соң коло медаль Колумбиянын оор атлети Луис Хавьер Москерага өтөт.
Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндар 21-августта аяктады.

Булак: ИТАР-ТАСС