Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/08 11:02
 

Бүгүн жөө күлүк Илья Тяпкин марафондук жарышка катышат

 Бүгүн жөө күлүк Илья Тяпкин марафондук жарышка катышат

Бишкек, 21-август /Кабар/. Рио-де-Жанейро олимпиадасынын соңку күнү 21-августта эр-азаматтар арасында 42 км. 195 метр аралыктагы марафондук жарышка кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин катышат. Бул тууралуу Риодон делегациянын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Эр-азаматтар 21-августта Рио убактысы боюнча саат 9.30да, бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.30да марафондук жарыш старт алат. Жарышка дүйнө жүзүнөн тандалган 155 жөө күлүк катышат. Адистердин баамында, Илья эфиопиялык, кениялык, жапониялык, европалык спортчулардан озуп чыгышы кыйын.

Рио олимпиадасына кыргызстандык жеңил атлетчилердин Улуттук Олимпиада комитетинин жана Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын жетекчилеринин өтүнүчү менен жолдомо алган марафончу Илья Тяпкин болду. Себеби, ал 2016-жылы Чехиянын Прага шаарында өткөн марафондук жарышта 42 км.195 метр аралыкты 2 саат, 19 мүнөт, 19 секундда чуркап өтүп, Рио-де-Жанейро олимпиадасына жолдомо алууга 19 секунд гана жетпей, өкүттө калган. Бирок ага оңдой берди болуп, Эл аралык жеңил атлетика федерациясы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети менен КР жеңил атлетика федерациясынын жетекчилеринин өтүнүчүн канааттандырып, Илья Тяпкинге 19 секунда убакытты эсепке албай Рио олимпиадасына катышууга уруксаат берип, жолун ачкан.

Ал 1991-жылы 2-августта Кара-Балта шаарында туулган. Орус улуттунун өкүлү. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясын жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик Техникалык университетин бүткөн. Кыргыз Республикасынын эл аралык спорт чебери. Жогорку билимдүү. 5000 метр аралыктарда Кыргызстандын чемпиону болгон. 2015-жылы Азия чемпионатында марафондук жарыштарына катышып, бешинчи орунга илинген. Устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Борисов болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу