21.08.2016, 10:34

Кыргызстандын акыркы үмүтү Азия чемпиону Магомед Мусаевдин алгачкы атаандаштары аныкталды

 Кыргызстандын акыркы үмүтү Азия чемпиону Магомед Мусаевдин алгачкы атаандаштары аныкталды

Бишкек, 21-август /Кабар/. Рио-де-Жанейро олимпиадасынын соңку күнү, 21-августта эр-азаматтар арасында эркин күрөшү боюнча Азия чемпиону Магомед Мусаев таймаштарга чыгат. 20-августта түштөн кийин балбандар таразага түшүп, чучукулак кармалып, анын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Риодон спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Эр-азаматтардын эркин күрөш боюнча күч сынашуулары 21-августта Рио убактысы боюнча саат 8.30да, бишкек убактысы боюнча кечки саат 17.30да башталат.

97 килоргамм салмакта 1/8 финалдагы жигиттер арасында 2012-жылдын эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Магомед Мусаевдин алгачкы атаандашы 2014-жылдын Азия чемпиону, Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарынын коло байге ээси, монголиялык Доржхнд Худербугла болмокчу. Адистердин баамында күч сынашуу абдан курч мүнөздө өтчүдөй. Оңдой берди болуп, Айаал Лазарев 1/8 финалда монголиялык атаандашын жеңип алса, чейрек финалда Европа чемпиону, орусиялык Анзор Болтукев же украиналык балбан менен күч сынашат. Кыргызстандын командасынын акыркы үмүтү Магомед Мусаев болуп турат.

Риодогу акыркы таймаштарда өлкөбүздүн намысын коргоп жаткан Магомед Мусаевди да сүрөөнгө алып, ага ишеним артып турабыз.