20.08.2016, 10:01

Рио-2016: Азия чемпиону Айаал Лазаревдин алгачкы атаандаштары аныкталды

 Рио-2016: Азия чемпиону Айаал Лазаревдин алгачкы атаандаштары аныкталды

Бишкек, 20-август /Кабар/. Бүгүн, 20-августта эр-азаматтар арасында эркин күрөшү боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев таймаштарга чыгат. Кечээ чучукулак кармалып, анын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Риодон спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Эр-азаматтардын эркин күрөш боюнча күч сынашуулары 20-августта Рио убактысы боюнча саат 10до, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 19.:00до башталат.

125 килоргаммдан жогорку салмакта 1/8 финалдагы жигиттер арасында 2015-жылдын эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазаревдин алгачкы атаандашы Европа чемпионтынын күмүш байге ээси, польшалык Роберт Баран болмокчу. Адистердин баамында күч сынашуу абдан курч мүнөздө өтчүдөй. Оңдой берди болуп, Айаал Лазарев 1/8 финалда польшалык атаандашын жеңип алса, чейрек финалда азербайжандык же америкалык балбан менен күч сынашат.

Рио олимпиадасынын таймаштары курч мүнөздө өтүп жатканы менен айрым учурда калыстык болбой жатканын адистер белгилеп, коңгуроо да кагышууда. Риодогу таймаштарда өлкөбүздүн намысын коргоп жаткан Айаал Лазаревди да сүрөөнгө алып турабыз.