Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/08 14:01
 

Кыргызстандын футболдук лигасы алгачкы теле долбоорун ишке ашырды

Бишкек, 19-август / Кабар/. Кыргызстандын футболдук лигасы алгачкы футболдук теле долбоорун ишке ашырганын билдирди.

Маалыматка караганда, FLK TV деп аталган көрсөтүүнү FLK TV каналынан жана youtube соцтармагынан бүгүнтөн баштап көрүүгө болот.
FLK TV форматы Кыргызстандын клубдук футболуна арналган. Футбол ышкыбоздору үчүн чемпионаттардагы орчундуу окуялар, оюнчулар, эксперттер менен маектешүүлөр ж.б кызыктуу жагдайлар тууралуу маалымат берилип турат. Телекөрсөтүүлөр айына 2 жолу болот.

Долбоордун негизги максаты – футболду жайылтуууга, сергек жашоо өткөрүүгө көмөктөшүү жана клубдук футбол тууралуу кенен маалымат берип туруу болуп саналат.

Кеңири маалыматты https://www.youtube.com/channel/UCap_BgXJUr4BrWnxJo7SYgw дарегинен ала аласыздар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу