Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/08 12:34
 

Оор атлетчи Иззат Артыковдун козуткуч колдонгондугу тууралуу маселени изилдөө үчүн комиссия түзүлөт

Бишкек, 19-август /Кабар/. КР Улуттук олимпиада комитети жана КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиги оор атлетчи Иззат Артыковдун козуткуч колдонгондугу тууралуу маселени изилдөө үчүн комиссия түзөт. Бул тууралуу аталган мамагенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

9-августта Рио-Де-Жанейро шаарында (Бразилия) Иззат Артыков 69 кг салмакта оор атлетика боюнча Олимпиаданын коло медалын жеңип алган.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, И.Артыков мелдешке чыккандан кийин козуткучка текшерүүгө анын заарасынан анализ алышкан. Андан соң Эл аралык Олимпиада Комитети 12-августта тыюу салынган «стрихнин» дарысынын жок экендигин спортчуга маалымдаган.

Эл аралык козуткучка каршы агенттиктин эрежелерине ылайык, Кыргызстандын спорт делегациясынын жетекчилиги “В” сынагычын ачууну өтүнгөн (“В” сынагычы алгачкы “А” сынагычында тыюу салынган дары табылган учурда ачылат).
“13-августта эртең менен “В” сынагычын ачышкан. 15-августта кечинде Эл аралык Олимпиада Комитети “А” жана “В” сынагычтарында оң натыйжа чыккандыгы тууралуу бардык документтерди Эл аралык спорттук арбитражга берген. 18-августта Бразилия убактысы боюнча саат 13тө биз Эл аралык спорттук арбитраждан расмий чечим алганбыз. Соттун чечимине ылайык, И.Артыковду медалдан четтетишти. Тартип боюнча жазаны Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алат”,-деди КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинин директору Канат Аманкулов.

Ошондой эле, ал КР Улуттук олимпиада комитетинин жана КР жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинин ыйгарым укуктарынын алкагында аталган маселелер жаатында бардык жагдайды изилдөө үчүн комиссия түзүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда КРнын оор атлетика боюнча федерациясы Эл аралык спорттук арбитраждын чечимине карата аппеляциялык арызын жана Эл аралык козуткучка каршы агенттикке бардык зарыл анализдерди кайталап тапшыруу үчүн өтүнүч катын даярдоодо.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу