Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/08 10:08
 

Улан Молдодосов: “Биз спортчубуз эч кандай козуткуч колдонбогонун далилдейбиз”

 Улан Молдодосов: “Биз спортчубуз эч кандай козуткуч колдонбогонун далилдейбиз”

Бишкек, 19-август /Кабар/. Кыргызстан Иззат Артыковдун оор атлетика боюнча Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада уткан коло медалынан ажыратуу боюнча чечимдин үстүнөн арызданат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Оор атлетика боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Эскерте кетсек, Спорттук арбитраждык сот тапшырган анализинен тыюу салынган стрихнин козутуучу каражаты табылды деген жүйө менен И.Артыковду 69 кг чейинки салмактык категорияда Олимпиададан уткан коло медалынан ажыраткан.

Өз кезегинде У.Молдодосов И.Артыков тыюу салынгын каражатты эч качан колдонбогонун ырастады.

“Бизди жөн жерден күнөөлөп жатышат. Мен өзүм ушундай каражат бар экенин биринчи жолу уктум. Азыр Дене-тарбия жана спорт мамагенттигине бара жатам, ошол жактан Улуттук олимпиада комитети менен бирге мындан аркы аракеттерди чечебиз. Спортчу аталган дары каражатын колдонбогонун далилдөө үчүн чечимдин үстүнөн арызданып, кайрадан тест тапшырышыбыз керек”,-деди ал.

Муну менен катар федерация башчысы козуткучка каршы тесттин жыйынтыгы бир айдан кийин чыкчу эле деп белгиледи. “Бул жолу жыйынтык 4-5 күндө эле чыгып калды. Бирок, биз спортчубуз тыюу салынгын каражаттарды колдонбогонун далилдейбиз, анткени биз кайда бара жатканыбызды жана ал жакта кандай текшерүүлөр болорун билгенбиз. Бул деген жөн эле оюн эмес да. Биз Олимпиадага биринчи жолу катышып жаткан жокпуз жана өлкөбүздүн жана федерациянын имиджин жоготуп алууну эч качан тобокелдикке салмак эмеспиз”,-деди У.Молдодосов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу