18.08.2016, 10:25

Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова 5-орунга ээ болду

Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова 5-орунга ээ болду

Бишкек, 18-август /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн болгон аялдардын күрөшүндө жеңилип калды.

58 кг чейинки салмактагы беттеште эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова индиялык Сакши Малик менен күч сынашып 8:5 менен утулуп калган.

Алгач 58 кг чейинки салмактагы беттеште Айсулуу Тыныбекова бразилиялык Жойс Силваны жана финляндиялык Петра Оллини жеңип, жарым финалга өткөн.

1/2 финалда балбан кызыбыз Валерия Кобловадан 4:1 эсебинде утулуп калган.

Эскерте кетсек, Кыргызстан курама командасынын эсебинде бир коло медаль бар, аны оор отлетик Иззат Артыков алып келген.
Олимпиада оюндарында Кыргызстандан 19 спортсмен катышууда.