17.08.2016, 18:25

Рио-2016: Азия чемпиону Айсулуу Тыныбековнын алгачкы атаандаштары аныкталды

 Рио-2016: Азия чемпиону Айсулуу Тыныбековнын алгачкы атаандаштары аныкталды

Бишкек, 17-август /Кабар/. Бүгүн, 17-августта айымдар арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова таймаштарга чыгат. Кечээ чучукулак кармалып, анын атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Рио-де-Жанейродон спорттук кабарчы Кабыл Макешов билдирди.

Күч сынашуулар 17-августта Рио убактысы боюнчасаат 10до, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 19.00до кыз-келиндер арасында 48 жана 58 килограмм салмактарда таймаш башталат.

58 килоргаммга чейинки салмакта 1/8 финалдагы 2016-жылдын Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы бразилиялык Джойс Силва болмокчу. Адистердин баамында күч сынашуу абдан курч мүнөздө өтчүдөй. Себеби, мурдагы күндөрдөгү таймашууларда оюн ээлерине же айрым өлкөлөрдүн балбандарына калыстар тартып койгон учурлар болду. Оңдой берди болуп, бразилиялык балбанды Айсулуу жеңсе, 1/4 финалда финляндиялык же нигериялык балбандар менен күч сынашат.

“Рио олимпиадасынын таймаштары курч мүнөздө өтүп жатканы менен айрым учурда калыстык болбой жатканын адистер белгилеп, коңгуроо кагышууда. Риодогу делегация мүчөлөрү баарыбыз Айсулууну сүрөөнгө алганы турабыз. Анын маанайы жакшы”,-дейт К.Макешов.