Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/08 10:17
 

2-ДКОго катыша турган Эр эңиш боюнча курама команданын курамы аныкталды

 2-ДКОго катыша турган Эр эңиш боюнча курама команданын курамы аныкталды

Бишкек, 16-август /Кабар/. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна (БДКО) катыша турган Эр эңиш боюнча курама команданын курамы аныкталды. Бул тууралуу КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курамга ар кайсы категориядагы 3 спортчу кирди. Алар 9-майда Бишкектин Ак-Кула ат майданында өткөн КР чемпионатында тандалып алынган. Спортчулар башкы машыктыруучу Ниязбек Курманкуловдун жетекчилигинде ат сылышат.

Эр эңиш – кыргыздын ат үстүндөгү улуттук күрөшү. Ал мурдагы замандарда аскердик максатта колдонулуп келген. Ушул күнгө чейин эр эңиш жигиттен да, ал минген аттан да ыкчамдыкты кайраттуулукту, күчтүүлүктү талап кылып келет.

Эскерте кетсек, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу