Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/08 10:14
 

Рио-2016: Арсен Эралиев коло байгени колдон чыгарды

Бишкек, 15-август /Кабар/. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XXXI жайкы Олимпиадалык оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча таймаштарында кыргызстандык балбан АрсенЭралиев коло медалды колдон чыгарды. 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Арсен Эралиев Бишкек убактысы боюнча15-августка караган түнү коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп калды. Бул тууралуу Рио олимпиадасынан кабарлаган спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Арсендин атаандашыТасмурадов 5 упай менен артыкчылык кыла баштаган эле. Экинчи айлампада демилгени Арсен Эралиев алып, чеберчилигин көрсөтүп, удаасы менен ыкмаларды жасап 6 упай топтоду. Өзбекстандык балбанга калыстар тартып, каратып туруп Арсенди үч ирет партерге коюп, шаштысын жана шайын кетирип койду. Калыстар өзбекстандык балбанга үч упайды ыйгарып коюшту. Бул учурдан кийин Эралиев жасаган аракеттер эки упайга бааланды.
Атаандашын оодарып упай алуу аракетинен майнап чыкпай, бул учурда калыстар Тасмурадовго үч упайды дагы кошумча беришти. Жыйынтыгында өзбекстандык Элмурат Тасмурадов 13:8 эсебинде калыстардын жардамы менен жеңишке жетип, коло медалын тагынды.

Арсен Эралиев 1/8 финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиону кубалык Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, утулуп калган. Кубалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге коло байгеге талапкерлердин беттешинде күчүн сынашууга шарт түзүлгөн эле. Коло байгеге талапкерлердин таймашында кытайлык Ван Люминди жеңип, 3-орун үчүн таймашка чыгууга укук алган эле.

«Тилекке каршы 4 жылдык мээнетин калыстардын кыянаттыгы ишке ашырбай, балбанды басынтып коюшту. Арсен мыкты даярданып, абдан жакшы күрөштү. Соңку жылдары олимпиадалык оюндарда калыстык болбой, айрым таасирлүү адамдардын кийлигишүүсү менен коммерциялык оюндарга айланып баратат. Арсенди төрт жолу партерге коюп, улам эскертүү берип, көз көрүнөө өзбекстандык балбанга калыстар тартып, Арсенди «сындырып» коюшту»,-дейт мелдешке күбө болгон Эл аралык алыш күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Адилет Баяман уулу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу