13.08.2016, 01:23

Рио-2016: Юрий Краковецкий коло медалга илинбей калды

Рио-2016: Юрий Краковецкий коло медалга илинбей калды

Бишкек, 13-август /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында байгеге илинбей, мелдештен четтеп калды.Спортчу 100 килограмм салмакта коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп калды. Беттеште кубалык спортчу мекендешибизи ыкмага салып утуп алды.

Кошумчалай кетсек, спортчубуз 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок, жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште ал өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулуп калган.