Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/08 18:04
 

Каныбек Осмоналиев: “Иззат Артыковдун алдында мындан ары чоң жоопкерчилик турат”

 Каныбек Осмоналиев: “Иззат Артыковдун алдында мындан ары чоң жоопкерчилик турат”

Бишкек, 12-август /Рахат Саламатова-Кабар/. XXXI Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча коло медалга ээ болгон Иззат Артыковдун алдында мындан ары чоң жоопкерчилик турат. Бул тууралуу 1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын Оор атлетика боюнча чемпиону Каныбек Осмоналиев басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, ийгиликтерге жетишкен адам бир орунда туруп калбастан улам алдыга умтулушу керек.

“Олимпиада оюндары 4 жылда бир жолу болот. Ошонун ичинде Азиялык оюндар бар. Иззатка мындан артык күч, жоопкерчилик каалайм. Мага окшоп алтын медалга жетүүсүнө тилектешмин”, - деп өз ойлорун айтуу менен бирге И.Артыковго кеп-кеңештерин бүткүл Кыргызстандын алдында айтып өттү.

“Спортчуда темирдей тартип болушу керек. Кайда болбосоң да элим, жерим деген сезим бар. Мен 1980-жылы чемпион болгондо Кыргызстанда көпчүлүгү штангист болуп баштаган. Кийинчерээк токтоп калды. Менин изимди кайрадан жанданткан сен болдуң, ошондой эле Кыргызстандын тарыхында 1-жолу кыздардан Жаңыл Окоева 10-орунга ээ болуп келди. Бул дагы жаштарга, спортчуларга дем күч берет деген ишеничтемин. Бардык спорттун түрү менен машыккан спортчуларга ийгилик жана жеңиш каалайм!”, - деди Каныбек Осмоналиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу