Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/08 15:13
 

Усенкан Майназаров: “Спортко көңүл бурган кызматкерлер машыктыруучуларга, спортчуларга жакшы түрткү берди”

 Усенкан Майназаров: “Спортко көңүл бурган кызматкерлер машыктыруучуларга, спортчуларга жакшы түрткү берди”

Бишкек, 12-август /Рахат Саламатова-Кабар/. Учурда спортко жакшы көңүл буруп жаткан кызматкерлер машыктыруучуларга, спортчуларга жакшы түрткү берди. Бул тууралуу “Манас” аэропортунда өткөрүлгөн басма сөз жыйында КРнын Оор атлетика боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Усенкан Майназаров билдирди.

Анын айтымында, Иззат Артыковдун жеңиши Эгемендүүлүк майрамдын алдында чоң белек болду.
“Кыргыз элине биз жеңишти тартуулайбыз деген үмүт менен кеткен элек. Биз үчүн коло медаль алтын эмес, алмазга татыктуу деп айтам, анткени медалдын артында чоң эмгек болгон. Буга чейин Кыргызстан эгемендүү болгондон бери оор атлетика боюнча мындай медалдар болгон эмес”, - дейт машыктыруучу.

Ошондой эле ал белгилегендей, Токтогул районунда туулуп-өскөн, ошол жерде 6 жашынан баштап Изатты машыктырган тренер Эсен Майназаровдун дагы салымы чоң.

“Алгачкы устаты Иззатты Бишкектеги спорт мектебине өткөрүп берген. Андан соң менден тарбия алып, дирекцияга кирген. Бүгүнкү күнгө чейин бул жерден каржыланып, ушул даражага жетти. Дене тарбия жана спорт агенттигине ыраазычылык билдирем. Бардык каражаттарды убагында берип жатышты. Ошондуктан мурдагы олимпиадаларга караганда 11 лицензия эмес, 19 лицензия алып кетишти. Коло медалга дагы жакшы каржылоонун негизинде жеттик деп ойлойм”, - деди Усенкан Майназаров.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу