Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/08 12:46
 

Иззат Артыков: “Мен бул жолду улантып, алтын медаль утууга аракет кылам”

 Иззат Артыков: “Мен бул жолду улантып, алтын медаль утууга аракет кылам”

Бишкек, 12-август /Кабар/. Мен бул сыйлыгымды алгач Кыргызстанга жана апама арнагым келет. Бул тууралуу бүгүн “Манас” аэропортундагы маалымат жыйында Риодогу Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча коло медалдын ээси Иззат Артыков билдирди.
Анын айтымында, анын спортко келишине апасы түрткү болуп, аны кичинекей кезинде спортко берген, ошондон бери ал спорт менен машыгып баштаган.

«Мен элдин ишенимин актагандыгым үчүн абдан кубанып жатам. Келечекте бул жолду улантып, өнүккүм келет. Ошондой эле, мындан кийинки Олимпиада оюндарына катышып, алдын медаль менен кайткым келет. Мен өзүмдүн досторума, устаттарыма жана машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем”,-деди И.Артыков.

Артыковду эжеси Исмигүл Артыкова Россиядан, агасын тосуп алуу үчүн оюнчулар келээрге 15 мүнөт калганда аэропортко келип, чыдамсыздык менен күтүп турду. “Биз апам экөөбүз Оруссияда иштейбиз. Байкем сынакка чыкканда үмүттөнүү менен телевизорду карап турдук. Качан ал жеңишке жеткенде абдан кубандык, аны сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Биз кубанганыбыздан түнү бою ыйлап чыктык. Ал элдин үмүтүн, биздин үмүтүбүздү актады. Байкеме ырахмат, мен аны менен сыймыктанам”,-деди коло медалдын ээси И.Артыковдун эжеси.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу