12.08.2016, 12:14

Калпак, чапан, торт. Коло байкегенин ээси Иззат Артыковду Бишкек аэропортунда кантип тосуп алышты

 Калпак, чапан, торт. Коло байкегенин ээси Иззат Артыковду Бишкек аэропортунда кантип тосуп алышты

Бишкек, 12-август /Кабар/. Бүгүн «Манас» аэропортунда, Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада оор отлетика боюнча коло медалдын ээси Иззат Артыковду жана башка спортчуларды кыргыз эли, ошондой эле туугандары жана достору тосуп алышты.

Олимпиаданын катышуучуларын жана коло медалдын ээсин желектер, гүлдөр менен тосуп алышты, ал эми И.Артыковго аялы атайын жасалган торт тартуулады. Салт боюнча жеңүүчүгө жана машыктыруучусуна кыргыз чапанын жана ак калпагын кийгизишти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан Олимпиадага 19 спортчу кеткен. Алардын ичинен боксчу Эркин Алымбеков, дзюдочу Отар Бестаев, оор отлетик Жаныл Окоева жана сүзүүчү Денис Петрашов жана Дарья Талановалар кайтып келишти.

Алдыда жеңил отлетика, дзюдоист жана балбандар ат салышат.