Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/08 09:35
 

Иззат Артыков өмүр бою 15 миң сомдон стипендия алат

Бишкек, 12-август /Кабар/. КРнын Президентинин жарлыгына ылайык, Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада 3-орунду алган Иззат Артыков өмүр бою ай сайын 15 миң сомдон стипендия алат. Бул тууралуу КРнын жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, ал 4 жыл аралыгында жогорку категориядагы бир жолку 45 миң сом көлөмүндөгү стипендия алат.
Жогорудагы айтылган стипендиялардан тышкары, КРнын Өкмөтү тарабынан И.Артыков бир жолку 3500000 сом жана башкы жана жеке машыктыруучулары 875000 сом менен сыйланышат.

КРнын спорттук классификациясынын талаптарын аткарууга байланыштуу, ага “КРнын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу