Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/08 09:25
 

Рио олимпиадасынын коло байгесинин ээси Иззат Артыков Кыргызстанга кайтты

 Рио олимпиадасынын коло байгесинин ээси Иззат Артыков Кыргызстанга кайтты

Бишкек, 11-август /Кабар/. 10-августта кечинде Рио-де-Жанейро шаарынан Кыргызстандын командасы үчүн байге эсебин ачкан Иззат Артыков жана машыктыруучулар мекенибизге кайтып кетишти. Бул тууралуу Риодон олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз катчысы Кабыл Макешов маалымдады.

Кыргызстанга кайткан чакан делегациянын курамында олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштаган оор атлетика, суда сүзүү жана бокс боюнча олимпиадачылар, машыктыруучулар бар. Аларды бишкек убактысы боюнча 12-августтун таңында «Манас» аэропортунан спорт жетекчилери, журналисттер, күйөрмандар зор салтанат менен тосуп алып, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция уюштурулат.

5-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында башталып, учурда курч мүнөздө өтүп жаткан жайкы Олимпиадалык оюндарында Кыргызстандын намысын 19 спортчу коргоп, алардын алтоосу мелдештерин жыйынтыктап, мекенибизге кайтып баратышат. Алардын катарында Рио олимпиадасынын коло медаль ээси Иззат Артыков жана мелдештерге мурда күндөрү катышкан дзюдочу Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана суучулдар Дарья Таланова менен Денис Петрашов, аларды коштоп, кеп-кеңештерин айтып жүрүшкөн башкы устаттар, машыктыруучулар бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу