Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/08 11:56
 

Президент Алмазбек Атамбаев телефондон Иззат Артыковду Олимпиададагы жеңиши менен куттуктады

 Президент Алмазбек Атамбаев телефондон Иззат Артыковду Олимпиададагы жеңиши менен куттуктады

Бишкек, 10-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-августта Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан XXXI жайкы Олимп оюндарында коло медалды жеңип алган оор атлетчи Иззат Артыковду телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Иззат Артыковдун коло медалы – бул бардык кыргызстандыктардын кубанычы, сыймыгы экенин белгиледи. “Бүгүн таң эртең менен миңдеген кыргызстандыктар Бразилиядан түз көрсөтүүлөргө тигилишип, сен үчүн күйүп-бышып, сени колдоп турушту! Сенин жеңишиң биздин өлкөбүз үчүн сыймыктануу сезимибизди толкутуп, жаштарыбыздын өз күчүнө ишенимин арттырат. Биз сен менен сыймыктанабыз», - деди Президент.

Президент Алмазбек Атамбаев оор атлетчи Иззат Артыковдун ийгилиги жакшы жөрөлгө болуп, Олимп оюндарына катышып жаткан кыргызстандык башка спортчуларды да шыктандырып, дүйнөнүн эң мыкты спортчусу болуп, медалдарды жеңип алууга белсентээрин белгиледи. “Кыргызстан элинин атынан, сага зор бакыт-таалай, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Биздин бардык олимпиадачыларыбызга – ийгилик жана жеңиштерди каалайбыз! Өлкө силерди колдойт!”- деди Мамлекет башчысы.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу