10.08.2016, 10:42

Кыргызстандын курама командасынын эң жаш спортчусу Денис Петрашов Олимпиададагы ат салышуусун аяктады

Кыргызстандын курама командасынын эң жаш спортчусу Денис Петрашов Олимпиададагы ат салышуусун аяктады

Бишкек, 10-август /Кабар/. Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын эң жаш спортчусу Денис Петрашов Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) ат салышуусун аяктады. Бул тууралуу КРнын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ал 200 метрлик брасс аралыкка 2:16:57 убакытта сүзүп өтүп, 38-орунду камсыз кылды.

9-августта сууда сүзүү боюнча эркектер арасында 200 метр брасс аралыкка алдын ала сүзүү боюнча мелдеш өткөн. Ага 39 спортчу катышкан. Кырыгзстандык спортчу биринчи сүзүүгө катышып, 7 спортчунун ичинен 6-орунду ээледи.

Жалпысынан 5 сууда сүзүүдө 16 спортчу жарым финалга чыгышты. Петрашов 38-орунду ээлеп, турнирдеги мелдешин жыйынтыктады.