Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/08 09:30
 

Рио-2016: Кыргыз спортчусу Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медалды утуп алды

 Рио-2016: Кыргыз спортчусу Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медалды утуп алды

Бишкек, 10-август /Кабар/. Кыргызстандык Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча 69 килограммга чейинки салмактык категорияда  21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, ушул салмактык категорияда алтын медалды Кытайдын өкүлү, ал эми күмүш медалды Түркиянын спортчусу утуп алды.
Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограмм, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды багындырды. Жалпы көрсөткүч 339 килограммды түздү. Бул жыйынтык анын алдынкы үчтүккө кирүүсүн шарттады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу