08.08.2016, 11:13

Кыргызстандык Дарья Таланова 100 метрлик сууда сүзүү боюнча мелдеште жарым финалга чыга албай калды

Бишкек, 8-август /Кабар/. Кыргызстандык Дарья Таланова 100 метрлик брасс аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдеште жарым финалга чыга албай калды. Бул тууралуу Олимпиадалык оюндардын расмий сайтында айтылды.

100 метрлик алдын ала каралган раундда Кыргызстандык Дарья Таланованын убактысы 1 мүнөт 10,94 секундду көрсөтүп, 34-орунду ээледи.

Мелдешке 44 спортчу катышты.

Кыргызстандан бардыгы болуп Олимпиадалык оюндарга 19 спортчу катышууда.