08.08.2016, 10:13

РИО-2016: Дзюдочу Отар Бестаев жарым чейрек финалда утулуп калды

 РИО-2016: Дзюдочу Отар Бестаев жарым чейрек финалда утулуп калды

Бишкек, 8-август /Кабар/. Дзюдочу Отар Бестаев Рио-де-Жанейро шаарында башталган жайкы Олимпиада оюндарынада жарым чейрек финалда утулуп калды. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын расмий сайтында жарыяланды.

Кыргызстандык 60 кг чейинки салмактык категорияда чыккан. О.Бестаев эки беттеш өткөрдү. Биринчисинде египеттик Ахмед Абелрахмандан күчтүүлүк кылган, бирок экинчи оюнда Азербайжандык спортчу Орхан Сафаровдон утулуп калды.

Бары болуп Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарына 19 спортчу катышууда.