Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/08 12:39
 

Рио-2016: Олимпиада шаарчасына Кыргызстандын туусу көтөрүлдү

 Рио-2016: Олимпиада шаарчасына Кыргызстандын туусу көтөрүлдү

Бишкек, 5-август /Кабар/. Рио-де-Жанейродогу Олимиада шаарчасында 4-августта КРнын мамлекеттик желегин көтөрүү салтанаты болду. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарага КРнын улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана КРнын Өкмөтүнө караштуу жаштар, дене-тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов башында турган Кыргызстандын делегациясы катышты.

“КР УОКтун президенти алдыдагы оюндарда спортчуларга ийгиликтерди каалап, Олимпиада шаарчасынын башчысына эстелик белекти тартуулады”,-деди Н.Садырбекова.

Желек көтөрүү салтанатына Сербия, Мадагаскар, Сирия жана Греция мамлекеттеринин делегациясы катышты. Курама командарлардын желегин көтөрүү өлкөлөрдүн гимни менен коштолду. Иш-чара салттуу Бразилия карнавалынын ыргагында өттү.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан Олимпиада оюндарына 19 спортчу катышат.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу