Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/08 10:56
 

Кыргызстандыктар сумо боюнча Азия чемпионатында 2 “коло” медаль утушты

 Кыргызстандыктар сумо боюнча Азия чемпионатында 2 “коло” медаль утушты

Бишкек, 5-август /Кабар/. 29-июлдан 2-августка чейин Улан-Батор (Монголия) шаарында өткөн сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар 2 “коло” медаль утуп алышты. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка 21 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандын атынан 3 спортчу: Музафар Жаппуев (салмактык категория 115 кг чейин), Алмаз Эргешов (115 кг дан жогору) жана Тилек Усупов (ачык салмактык категория) катышты.

“Аталган мелдешке спортчулар спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында М.Жаппуев 115 кг чейинки категорияда 3-орунду, А.Эргешов 115 кг дан ашык салмактык категорияда 3-орунду, Т.Усупов абсолюттук категорияда 6-орунду камсыздашты”,-деди Н.садырбекова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу