03.08.2016, 14:28

Тогуз коргоол боюнча ДКОго катыша турган Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды

Тогуз коргоол боюнча ДКОго катыша турган Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды

Бишкек, 3-август /Кабар/. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган тогуз коргоол улуттук спорт оюу боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды.

Команданын курамына 4 спортчу - Анарбек Жамакеев, Кубан Сазаев, Аида Керимбекова жана Лязат Райымбекова кирди.

Спортчулар Ч.Айтматовдун жана Ө.Касмакуновдун элесине арналган турнирлерде, Борбордук Азиянын 5-ачык кубогунда жана КРдын чемпионатында тандалып алынды. Команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилигинде күч сынашат.

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.