02.08.2016, 17:26

Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды

Бишкек, 2-августа /Кабар/. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Команданын курамына ар кайсы салмактагы 7 балбан кирди. Алар - Тынчтыкбек уулу Бекзат ( 55 кг), Сымбатбек Алымбеков (60 кг), Зиямидин Садыбеков (66 кг), Тариел Үсөнов (74 кг), Бектуркан Кожомуратов (84 кг), Нурбек Кожобеков (96 кг), Бекболсун Кушубаков (96 кг). Спортчулар башкы машыктыруучу Майрамбек Атабековдун жетекчилигинде күч сынашат