01.08.2016, 14:52

ӨКМнин кызматкери таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль утуп алды

 ӨКМнин кызматкери таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль утуп алды

Бишкек, 1-август /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өнөр жай техникалык башкармалыгынын улук адиси Чынгыз Калбаев 2016-жылы 26-31-июль аралыгында Брайтон (Британия) шаарында өткөн таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль утту. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кыргызстандык Ч.Калбаев чоңдор арасында 64 кг салмак категориясында күмүш медалдын ээси болду. Бары болуп спорттук мелдешке 50дөн ашык өлкөнүн спортчулары катышты, Кыргызстандан түрдүү катерия боюнча 14 спортчу катышкан.

Спортчу Ч. Калбаев өзүнүн жеңишин Кыргызстанга жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине арнаганын айткан.
Чынгыз 5 ирет беттешип, аргентиналык спортчуга утулуп калган. Чынгыздын аркасы менен Брайтондо Кыргызстандын желеги желбиреди.