21.07.2016, 16:40

"Манчестер Юнайтед" Погбаны120 млн еврого сатып алуу боюнча "Ювентус” менен макулдашты

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Англиянын "Манчестер Юнайтед" командасы Туриндин «Ювентусунан» Франциянын курама командасынын жарым коргоочусу Поль Погбаны 120 млн еврого сатып алуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу L'Equipe билдирди.

Европа чемпионатында Франциянын курама командасы менен финалга чейин жеткен Погбанын трансфери футбол тарыхында рекорддук сумма болду.

Өткөн сезондо 23 жаштагы Погба “Ювентус” үчүн 49 матчта 10 гол кийирген.
Француз футболчусу “Манчестер Юнайтедден” “Ювентуска” 2012-жылы эркин агент укугунда келген.

Булак: Р-Спорт