21.07.2016, 11:33

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жайкы Олимпиадага Эдиль Касенов жетектеп барат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жайкы Олимпиадага Эдиль Касенов жетектеп барат

Бишкек, 21-июль /Кабар/. КРнын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Эдиль Касенов Рио-де-Жанейродо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына КРнын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жетектеп барат. Бул тууралуу Кыргызстандын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, АКШда, Казакстанда, Монголияда, Түркияда өткөн лизензиялык турнирлердин жыйынтыгы боюнча Рио-де-Жанейродо өтө турган жайкы 2016-жылкы Олимпиада оюндарына катышуу укугун грек-рим күрөшү боюнча 4 кыргызстандык жеңип алышты.

КРдын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын курамы:
59 кг.га чейин – Арсен Эралиев;
66 кг.га чейин – Руслан Царев;
85 кг.га чейин – Жанарбек Кенжеев;
130 кг.га чейин –Мурат Рамонов;
башкы машыктыруучу – Канат Бегалиев;
улук машыктыруучу - Азат Эркимбаев;
машыктыруучу – Мейрамбек Ахметов, Фархад Ушуров;
машыктыруучу-консультант – Руслан Түмөнбаев;
спарринг-өнөктөш – Улугбек Карачолоков;
даарыгер – Бактыгуль Алишева;
укалоочу – Омурбек Сатыкев;
калыс – Кочкорбек Кулматов.