Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/07 10:29
 

Кыргызстандын ордо боюнча курама командасы 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууда

Кыргызстандын ордо боюнча курама командасы 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууда

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Кыргызстандын ордо боюнча курама командасы 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярданууда. Бул тууралуу КРнын Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясы билдирди.

14-24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын ордо боюнча курама командасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Иш-чара 3-8-сентябрда Чолпон-Атада өтө турган 2-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ийгиликтүү даярдануу максатын көздөйт.

“Жыйынга башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиев жана машыктыруучу Рахат Молдалиев жетектеген 16 спортчу жөнөп кетти. Машыгууну ийгиликтүү өткөрүү үчүн КРнын Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясынан 344 миң сом бөлүндү”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу